ТИМ башчысы Руслан Казакбаев COVID болуп, ооруканада дарыланууда
- 3 года мурун
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев COVID илдетине кабылганына байланыштуу ооруканада дарыланууда.
«Керектүү учурда ал видео конференция режиминде иштөөдө. Дарыгерлер уруксат берсе эле, ал жумушка токтоосуз кайтып келет», — деп билдирген министрликтин маалымат кызматы.
Ушул жуманын этегинде Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн «Борбордук Азия + Россия Федерациясы» форматындагы тышкы иштер министрлеринин төртүнчү кеңешмесине ТИМ министринин орун басары Нуран Ниязалиев катышкан.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү