​Тажикстанга качып барган афгандык кыргыздардын абалы боюнча кенешме өттү

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Тажикстанга качып барган Афганистандын Кичи Памириндеги этникалык кыргыздардын абалы боюнча кенешме өткөрдү.


Кещешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен биргеликте афгандык кыргыздарды Кыргызстандын аймагына эвакуациялоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүдө. Кыргыз Республикасы аларды кабыл алууга даяр.

Кеңешменин жыйынтыгында компетенттүү мамлекеттик органдарга этникалык кыргыздарды эвакуациялоо, көчүрүү үчүн жерди даярдоо, зарыл инфраструктураны түзүү, аларга медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жыйындысын иштеп чыгуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык гуманитардык уюмунун линиясы аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты