​Тажикстан Кыргызстанда окуган студенттерин өлкөсүнө кайтарууда

  • 3 года мурун

Тажикстан Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан жарандарын өз өлкөсүндөгү ЖОЖдорго которуу иштерин баштады.


Бул тууралуу Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода билдирген.

Мындай чечимдин кабыл алынышынын так себептери айтылган эмес. Бирок быйыл апрель айынын акырынан тартып кескин түрдө салкындай түшкөн эки өлкө ортосундагы мамилелер себеп болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 29-30-апрель күндөрү Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын Баткен облусунун жай турмуштагы жарандарына кол салган. 36 кыргыз жараны каза болуп, 180дей адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты