​Жаңы Конституцияны жазгандардын бири Президентке кеңешчи болду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Бекбосун Бөрүбашов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.


Юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРСУнун Юридикалык факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы Бекбосун Бөрүбашов 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо «Чоң Казат» партиясы менен шайлоого катышкан.

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин 20-ноябрда ошол кездеги Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин төрагалыгына дайындалган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты