​Облус башчылары Өкмөттүн эмес, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп калышты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 16-июлда «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка кол койду.


Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлдү.

Ага ылайык, бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;

— эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыктын жоболоруна ылайык келтирүү;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү милдеттери коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыгып, бекитиш керек.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты