​Пандемия башталгандан бери 78 медик кайтыш болгон

  • 3 года мурун

Кыргызстанда дарыгерлердин эмгек акысы 2021-жылдын аягына чейин 100 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн.


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 16-июлда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүмдөрүнүн ачылышында билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 4 миңге жакын дарыгер ооруну жуктуруп, 78 медициналык кызматкер COVID-19 илдетинен көз жумган.

«Бул илдет биздин өлкөгө көпкө чейин келди окшойт. Биз муну менен күрөшүүнү улантабыз. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен аймактардагы медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. 1-июндан тарта дарыгерлердин маянасы 50 пайызга жогорулады. Азыр биз бир мыйзам долбоорун сунуштайлы деп жатабыз. Эгер депутаттар колдоп берсе, анда ушул жылдын декабрь айына чейин дарыгерлердин айлык акыларын 100 пайызга көтөрөбүз. Бул үчүн биз өзүбүз каражат булактарын издеп жатабыз. Президенттин ар бир дарыгер 1000 доллар маяна алса деген планы бар. Ушундай шарттарды түзүү менен гана биз күчтүү дарыгерлердин чет өлкөгө кетишин токтото алабыз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты