​Кытай менен коронавируска каршы вакцина чыгаруучу заводдун курулушу талкууланды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Пекиндеги «Тынчтык үчүн саякат» маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чанчун менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды чыгаруучу завод куруу жана Кытайда өндүрүлгөн өсүмдүктөргө негизделген дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

«Мамлекеттик саясат ишкердүүлүктүн эркиндигин, бизнести жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», — дейт Жылдыз Бакашова.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты