​«Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы бекитилди

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти.

Чечимге ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды.

Бекитилген программага ылайык, мамлекеттик ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин 2021-2026-жылдар аралыгында жылдык 4-6 пайыз деңгээлине чейин төмөндөтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле бул мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылдын аягына чейин:

— эл аралык донорлордун жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын эсебинен жалпы суммасы 30 миллиард сомдон кем эмес каражат тартуу;

— 740 000 чарчы метрден кем эмес аянттагы турак-жайларды сатып алууну же курууну каржылоо;

— кеминде 15000 үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу милдети коюлган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты