​Азиз Суракматов эркиндикке чыкты

  • 3 года мурун

УКМКнын басма сөз кызматы, Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташууга барып, келишим түзгөнүн билдирди.


Азиз Суракматов Бишкек шаарын башкарып турганда, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз берген деген шек менен 26-майда камакка алынган. Ага карата «коррупция» жана «мыйзамсыз баюу» беренелери боюнча айып тагылып, соттун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Кечээ, 15-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аяктаганга чейин тил кат менен үй камагына чыгарды.

Ошондой эле Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу келишимине да кол койгон. Тергөө учурунда Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча да көрсөтмө берген. Мындан тышкары, ал келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун мамлекетке төлөп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты