​Талибдерден чочулап, Тажикстанга кире качкан афгандык кыргыздар Кыргызстанга эвакуацияланат

  • 3 года мурун

«Талибан» кыймылынын чабуулунан чочулап, Тажикстандын аймагына кире качкан афгандык кыргыздарды Кыргызстан өз аймагына эвакуациялайт.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсесине аларды эвакуациялоону уюштурууга колдоо сурашкан.

Ошондой ТИМ Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине афгандык кыргыздардын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарына чейин жетүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул маселе Президенттин жана Министрлер кабинетинин көзөмөлүнө алынып, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Эске сала кетсек, 13-14-июль күндөрү Афганистандагы 300дөн ашык этникалык кыргыздар Тажикстандын аймагына кире качышкан.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты