​Төрөбай Зулпукаровдун уулу майда бейбаштыкка шектелүүдө

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин абактагы депутаты Төрөбай Зулпукаровдун уулу майда бейбаштыкка шектелүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБинен билдиришкендей, 6-июлда И.А. аттуу жарандын Киев көчөсүндө жайгашкан кафедеги жумушуна саат 18:20 чамасында «Н» аттуу таанышы келген. Ал агрессивдүү түрдө аны менен мамилесин тактагысы келген. Жигит кызды мазактап, бар столунун үстүнө күч менен чыгарууга аракет кылган.

Бул факт боюнча «майда бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кызга кол салган 2000-жылы туулган З.Н. аттуу жигит абактагы депутат Төрөбай Зулпукаровдун уулу болгон. Ал жабырлануучу кыз менен мектептен тааныш экендигин айтып, ортодогу мамилесин тактоого аракет кылганын айткан.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты