​15-июлга чейин Кыргызстан боюнча 157,563 адам эмдөөдөн өттү

  • 3 года мурун

Масштабдуу эмдөө кампаниясы менен гана ар кандай пандемияны, анын ичинде коронавирусту жеңүүгө болоорун М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, калкты эмдөө — бул COVID-19 коронавирус инфекциясын жеңүү үчүн зарыл жана натыйжалуу чаралардын бири жана жамааттык иммунитетти тез өнүктүрүп, «ковидге чейинки» жашоого кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча COVID-19 илдетине каршы 18 418 адам эмдөөдөн өтүп, алардын ичинен 1 777 адам экинчи дозасы алышканын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Жалпысынан 15-июлга карата республика боюнча 157,563 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 88,924ү экинчи дозасын сайдырышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты