​Каныбек Осмоналиевдин иниси бийликтен кысым болгонун жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиев жергиликтүү ММКлардын бирине берген маегинде, арызын жазып кызматтан кеткенин, Ош облусун башкарган бир тууганын жана баласын, аялын жумуштан кетирүү аракети болуп, бийлик тарабынан үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканын айткан.


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси Жарасул Абдураимов агасынын бул сөздөрүн четке кагып, үй бүлөсүнө эч кандай кысым болбогонун айтты.

«Агамдын берген маегин окуп алып, таң калдым. Мени жумуштан алды дептир. Бирок мен иштеп эле атам. Кетейин деген оюм деле жок. Агама эмне болду түшүнбөй жатам. Аялына, баласына чалдым, жумушунда эле иштеп жатышыптыр. Өзү менен байланыша алган жокмун»-деп жооп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты