Рыскелди Момбеков жаңы шайлоо мыйзамы бай-манаптарга жол ачаарын айтты

  • 3 года мурун

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, документ Жогорку Кеңеште талкууга алынууда.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков БШК төрайымына кайрылып:

«Сиз элдин талабы, коомдун талабы эске алынды деп жатасыз. Кайсы талапты айтып жатасыз?»-деген суроосуна

«5-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки митингде эл партиялардын монополиясына каршы чыгышкан. Парламентке эмне үчүн партиялардын тизмеси аркылуу гана кириш керек деп көз карандысыз жана татыктуу талапкерлерди шайлоо маселеси көтөрүлгөн»-деп жооп берди.

Рыскелди Момбеков анын сөзүн четке кагып, митингчилер административдик жана каржылык ресурстарды колдонууга, добуш сатып алууга каршы чыгышканын айтып:

«Силер бүгүн добуш сатып алууга кайра жол ачып жатасыңар. 35 аймакка бөлүп, 35 каймак келсин деп, бай-манаптарга жол ачып жатпайсыңарбы. Аянтта Үмүтү акталбай Үмүт деген бала өлдү. Бул мыйзамыңар иштебейт. Өткөн парламенттик шайлоонун зыянын Сооронбай Жээнбеков көрдү, пайдасын сиз көрдүңүз. Анын мөөнөтү кыскарды, сиздики узарды. Зыянын эл көрдү»-деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты