​«Ысык-Көл» аэропорту Москвадан алгачкы аба каттамын тосуп алды

  • 3 года мурун

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда, «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек-Москва жаңы каттамын тосуп алды. Москвадан Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келди.


Адаттагыдай учакты «триумф аркасы» – суу аркасы менен тосуп алышты.

«Аэрофлот – россиялык аба жолдору» ААК өкүлү Валерий Серых: «Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына 3 ирет — дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы» деди.

«Ысык-Көл» аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл областынын жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июл айына белгиленген» деди ал.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты