​Садыр Жапаров, Карганбек Самаковдорду соттогон судья иштен кетти

  • 3 года мурун

Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечимди бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды.


Убагында Садыр Жапаров, Карганбек Самаков сыяктуу саясатчыларды соттогон судья Жаңыл Мамбеталы өз арызы менен кызматтан кетип жатканын Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыпов Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жаңыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына талапкеригин коюп жатканда, ошол кездеги ЖК депутаты Исхак Масалиевдин Садыр Жапаровго байланыштуу суроосуна жооп берип жатып, ал биринчи инстанциянын өкүмүн колдоп, мыйзамдуу чечим чыгаргандыгын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты