​Тажикстанга кире качкан афгандык кыргыз качкындарынын саны өсүүдө

  • 3 года мурун

13-14-июль күндөрү Афганистандын Бадахшан провинциясындагы Вахон районунун Андемин айылынын тургундары болгон 347 кыргыз (анын ичинде 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек) «Талибан» кыймылынын куралдуу аскерлеринен чочулап, Тажикстандын Мургаб районуна качып киришти.


Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы чек арадан өтүп бара жатып, эки ымыркай көз жумганын билдирди.

Учурда, кыргыз качкындары Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл Работ айылдык жамаатынын Чоштеппа жана Дуютук участкаларына жайгаштырылды.

Буга чейин Тажикстанга афганистандык 77 кыргыз мал-жандыктары менен кире качканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты