​ЕАӨБ экономисттери кыргыз экономикасынын калыбына келе баштаганын айтышты

  • 3 года мурун

Кыргызстанда ИДПнын төмөндөшүнүн масштабы азаюуда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.


Аналитиктердин айтымында, ИДПнын төмөндөө темпи январь-май айларында 1,6 пайызга чейин басаңдаган.

2021-жылдын үч айында 9,4 пайызга түшүп кеткен. Бул убакыт ичинде «Кумтөр» ишканасын эске албаганда, ИДПнын көлөмү 3,5 пайызга өскөн.

«Апрелде пандемиянын терс кесепеттеринен көбүрөөк жабыр тарткан секторлор оңолуу жолуна түштү. Чекене соода, жүк ташуу жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүү динамикасы май айында тездеди. «Кумтөрдү» эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 15,3 пайызга өстү», — деп айтылат ЕАӨБдүн баяндамасында.

Мындан тышкары, экономисттер айыл чарбасында алгылыктуу өсүш уланып жатканын кошумчалашкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты