77 афгандык кыргыз мал-жандыгы менен Тажикстанга кире качты

  • 3 года мурун

Афганистандагы кырдаалдан улам качкындардын саны көбөйүүдө.


БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Афганистандагы качкындардын массалык агымына тынчсыздануусун билдирди.

2021-жылдын январь айынан бери болжол менен 270 миң афган өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бүгүнкү күндө афган качкындардын жалпы саны 3,5 миллиондон ашты.

Алардын 90 пайызын же 2 миллиондон ашык качкынды Иран жана Пакистан кабыл алды. Эки өлкө тең аларды коргоого алып, медициналык жардам жана билим берүү кызматтары менен камсыз кылышкан.

Бириккен улуттар уюму Афганистандагы зомбулук токтотулбаса, качкындардын өлкө ичиндеги жана коңшу мамлекеттерге агылуусу мындан да күч алаарын эскертти.

13-июлда, түштөн кийин Афганистандагы этникалык кыргыздар талибдерден чочулап, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районундагы Кизил-Работ айылдык жамаатынын аймагын качып келишкен. Тагыраак айтканда 1000 баш майда жандыгы, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкысын айдай келген 77 кыргыз бүгүн Тажикстанда баш калкалоодо.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты