​Министр «Синофармга» ыктаганыбыздын себептерин санап берди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 илдетине каршы Кыргызстан көбүрөөк колдонуп жаткан кытайлык «Синофарм» вакцинасынын артыкчылыктарын санап берди.


Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, «Синофарм» вакцинасы:

— Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алып, уруксат берген дүйнөдөгү 7 вакцинанын бири;

— «Синофармдын» эффективдүүлүгү далилденген;

— Муздакта сакталуусу + 2ден +8 градуска чейин;

— Кыргызстан жана Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн натыйжасында вакцина арзан сатылып алынууда.

Учурда Дүйнөлүк Банк Кыргыз Республикасына COVID-19 эпидемиясын алдын алуу жана кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн кошумча каржылоо иретинде 0,75 пайыз үстөгү менен 10 миллион доллар насыя жана 10 миллион доллар грант берүүнү пландаштырууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты