​Электр энергиясы быйыл кымбаттабайт

  • 3 года мурун

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев быйыл электр энергиясына болгон баа жогорулабай турганын «Азаттыкка» билдирген.


Министрдин айтымында, мындай чечим 13-июль күнү Президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган.

“Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң инфляциянын деңгээлине жараша апрель айынан кийин жаңы тарифтик саясатты киргизгенге аракет кылабыз”, — дейт Доскул Бекмурзаев.

Ошентип, электр энергиясы мурдагыдай эле бардык жарандар үчүн 700 кВт/саатка чейин 70 тыйындан, ал эми белгиленген чектен өткөндө 2,16 тыйындан төлөнөт.

Эң башкысы тоолу аймактардын жашоочулары үчүн 700 кВт/сааттык чектөө алынып салынат.

Ал эми тоо-кен, майнинг фермалары жана арак заводдору сыяктуу өндүрүштүк ишканалар үчүн электр энергиясынын 1 кВт/сааты 5 сом 4 тыйындан болот.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты