​Чек арачы ыйгарым укуктуулары маяна алышат

  • 3 года мурун

Чек ара аймактарында жашаган айрым жергиликтүү тургундар ыйгарым укуктуу чек арачы боло алышат.


УКМКнын Чек ара кызматынын орун басары Нурлан Тыналиевдин айтымында, алар оперативдүү, ыкчам маалыматтарды тийиштүү органдарга өткөрүп берип турушат.

«Алар 14 миң сом маяна алышат жана чек арачы болуп иштешет, бирок чыр-чатак учурунда кийлигишүүгө укугу жок», — дейт Чек ара кызматынын өкүлү.

Мыйзам долбоорунун автору, парламент депутаты Абдувахап Нурбаевдин айтымында, ыйгарым укуктуу чек ара кызматкерлери атайын окуудан жана аскердик даярдыктан өтүп турушат.

Мындан тышкары, чек арачы ыйгарым укуктуулардын өмүрүн жана ден-соолугун кадимки аскер кызматкерлери сыяктуу эле камсыздандыруу сунушталууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты