#КүчЧындыкта: Журналисттин коопсуздугу

  • 3 года мурун

Журналисттер жана көзкарандысыз редакциялар 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийинки митингдерди жана андан кийинки окуяларды чагылдыруу учурунда коркутууларга жана катаал кол салууларга кабылышкан.

Айзада Касмалиева, Дина Маслова жана Махинур Ниязова редакциялар коркутуп-үркүтүүлөргѳ кантип туруштук берип, өз миссияларын кандайча аткарышкандыгын айтып беришет.

Журналисттерден телефондорду жана жабдууларды тартып алышып, тасманы тартууну токтотууну талап кылып, ташбараң кылып, алар тарапка ок атылган. Жаалданган митингчилер «туура чагылдырууну» талап кылышып, эгер андай болбосо, редакцияларды талкалайбыз деп коркутушкан. Ушуга карабастан журналисттер өз коопсуздугун тобокелге салып, окуя болгон жерден түз эфирге чыгууну улантышкан.

#КүчЧындыкта өнөктүгүнүн максаты – журналисттерди колдоо жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу коопсуздукка болгон коркунучтардын алдын алуу.

Эгерде сиз бул өнөктүктүн максаттарына тилектеш болсоңуз, анда роликти өзүңүздүн жана редакцияңыздын социалдык тармактардагы аккаунттарына #КүчЧындыкта деп белгилеп, колдоо көрсөтүүңүздү сурайбыз.

Медиа Полиси Институту Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун колдоосу менен #КүчЧындыкта бирдиктүү хештеги менен журналисттерди коргоо боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты