​Адинайга эстелик ачылды

  • 3 года мурун

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы жыйындар залында Адинай Мырзабекованын эстелиги ачылды.


Иш-чарага КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, университеттин жамааты, ошондой эле Адинайдын туугандары жана курсташтары катышты.

Колодон жасалган бюстту Адинайдын 2021-жылы бүтүргөн курсташтары орнотушкан.

Эске сала кетсек, КММАнын бүтүрүүчү курсунун студенти Адинай Мырзабекова 2020-жылы 13-июлда, коронавирус инфекциясы күчөп турган маалда көз жумган. Ал пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде өз каалоосу менен медайым болуп иштеп, эки тараптуу пневмониядан кайтыш болгон. Ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбеков аны «Эрдик» медалы менен сыйлап, Бишкек шаарындагы эс алуу багын Адинай Мырзабекованын атынан атаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты