​Москвада массалык мушташка катышкан кыргыз, тажиктер депортацияланат

  • 3 года мурун

Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон массалык мушташтын катышуучулары айып пул төлөп, Россиядан депортацияланат.


Чыр-чатакка катышкан 103 адам ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилген.

«Соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандарга административдик айып пул салынып, Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылат. Айрымдарына Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынат»,- деп айтылган Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан билдирүүдө.

Кармалгандарга Россияга кирүү эрежелерин, өлкөдө жүрүү режимин жана майда бейбаштык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.

Эске сала кетсек, 11-июлда Москванын жанындагы Химкиде Кыргызстандын эки тургуну бычакталган. Алардын жолдоштору өч алуу максатында тажиктерди Кузьминки аймагына, кечки саат жетиге жолугушууга чакырышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты