​Орхан Инандыны кыргыз улутундагы 3 адам уурдаган

  • 3 года мурун

Июнь айынын башында Бишкек шаарынан уурдалган «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттык» үн алгысына маек берип, азыркы абалы, кантип уурдалганы тууралуу айтып берген.


Орхан Инанды уурдалган күнү авто унаа менен 5-6 саат жол жүрүп, эртеси Түркияга учуп келгенин айткан.

Жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз:

«Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргыз улутундагы киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт», — деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты