​Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө төлөнчү сый акынын өлчөмү белгилүү болду

  • 3 года мурун

Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга берилүүчү байге фонду түзүлдү.


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын олимпиадалык курама командасы менен жолуккан Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Токиодогу Олимпиадада алтын медаль алган спортчуларыбыз 10 миллион сом менен сыйланат.

Ал эми күмүш медаль үчүн 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы белгиленди .

Спортчунун акчалай сый акысынын 30 пайызы башкы машыктыруучуга, 25 пайызы улук жана жеке машыктыруучуга,10 пайызы биринчи машыктыруучусуна төлөнөт.

Олимпиада оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери үчүн төлөнгөн жалпы байге фондунун 10 пайызы медицина кызматкерлерине берилет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты