​Кореялык инвесторлор Жогорку Нарын каскадына кызыгууда

  • 3 года мурун

Түштүк Кореянын инвесторлору Жогорку Нарын каскадын курууга кызыкдар.


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин орун басары Улан Асанов билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Кореяда энергетика тармагында иш алып барган көптөгөн эл аралык инвесторлор бар. Ошолордун бири Жогорку Нарын каскадын куруу ниетин билдирген.

«Азыр биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз» — дейт министрликтин өкүлү.

2013-жылы Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Россиянын «РусГидро» компаниясы менен келишим түзүлүп, 2016-жылы россиялык компания келишимдеги баштапкы шарттарды аткарбагандыгы үчүн Кыргызстан келишимден бир тараптуу баш тарткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты