​Соттолгондор добуш берүү укугуна ээ болушу мүмкүн

  • 3 года мурун

Кыргызстан соттолгондорго шайлоодо добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эркиндигинен ажыратылгандардын болжол менен төрттөн бири гана добуш берүү укугуна ээ боло алышат.

«Кыргызстандын түрмөлөрүндө 4769 адам бар. Кокусунан кылмыш жасаган адамдарга добуш берүүгө уруксат берүү сунушталууда», — дейт БШК төрайымы.

Мындай норма “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда каралууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты