​Аксыдагы селден кайтыш болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

  • 3 года мурун

Кечээ, 12-июлда Аксы районунда болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер уланууда.


Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңешинин башчысы Төлөгөн Султанмуратовдун айтымында, табигат кырсыгынан кайтыш болгондор бир үй бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Учурда сел агызып кеткен 8 адамдын 7исинин сөөгү табылды.

Кечээ түштөн кийин башталган нөшөрлөгөн жамгыр катуу селге айланып, Жаңы-Жол айылынын тургуну, 1958-жылы туулган аялды, анын 1981-жылкы кызын, 2009, 2014, 2005, 2018-жылкы неберелерин, ошондой эле алардыкына меймандап келген 2009-жылы туулган Ак-Жол айылынын тургунун сел агызып, бары көз жумган. 2,5 жаштагы кызды издөө иштери улантылууда.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү милиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар наристени издешүүдө.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты