​Медицина жана маданият кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө каражат жетиштүү

  • 3 года мурун

Экономика жана каржы министрлиги маданият жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга республикалык бюджетте каражат каралганын билдирди.


Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин 8 миң 595 кызматкеринин эмгек акысын 50 пайызга көтөрүү пландаштырылып, бул үчүн республикалык бюджеттен 226,6 миллион сом каралган.

2021-жылдын 1-июлунан баштап саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1 миллиард 884,8 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, COVID-19 инфекциясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында республикалык бюджеттен кошумча 2 миллиард 249,8 миллион сом бөлүнөт.

«Бул каражаттар кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү төлөөгө жана коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды сатып алууга багытталган», — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты