​Аксыдагы сел 6 адамдын өмүрүн алып, 2 адам дайынсыз болууда

  • 3 года мурун

Кечээ, 12-июлда, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагындагы катуу сел сегиз адамды агызып кеткен.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинын маалыматына караганда, 12-июль, түнкү саат 23.40ка чейин куткаруучулар алты адамдын сөөгүн табышкан. Дагы экөөнү издөө иштери улантылууда.

ӨКМ кызматкерлери кечээ, кечинде Мал-Калды жайлоосунда сел жүрүп, бир нече тургунду алып кеткендиги тууралуу маалымат алышкан. Арасында 2016-жылы туулган, Жаңы-Жер айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну, 5 жаштагы наристе бар болчу.

Сел Жолборсту айылындагы көпүрөнү талкалап, жолдорду жууп кеткен. Саат 20.30да нөшөрлөп жааган жаандан улам сел Мал-Калды жайлоосуна баруучу жолду да жууп салган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты