​Президент мамлекеттик кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүү тапшырмасын берди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабка өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калкты эмдөөдөн өткөрүү иштерин тездетүү тапшырмасын берди.


Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине — билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүү милдети коюлду.

Ал эми бардык диний кызматкерлерге, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты