​Кыргызстан калкынын 70 пайызынын эмделиши-Кытайдын башкы шарты

  • 3 года мурун

Былтыр пандемия башталгандан бери кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүк ташуучу унаалардын саны кескин кыскарган.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кытай бажысынан жүк ташуучу унаалардын аз өтүшүнүн себебин атады.

Бүгүнкү күндө бажыдан өткөн унаалардын саны күнүнө 30-35ти гана түзүп жатканын айткан Бажы кызматынын өкүлү:

«Кытай менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, алар калкыбыздын 70 пайызга чейин эмдөөдөн өтүшү керек деген маселени көтөрүп жатышат», — деди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева биринчи кезекте 1 миллион 312 450 адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалып жатканын айткан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эгерде калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, сентябрь айында мектептер кадимки режимде иштей баштаарын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты