​«Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Жумагулов эркиндикке чыкты

  • 3 года мурун

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты.


Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы 9-апрелде Чыңгыз Жумагулов жана эки жан жөкөрү Тентиев жана Айдакеев менен Бишкек шаарынын Москва көчөсүнөн эки адамды катуу сабашкан.

Бирөө эс учуна келбей ошол эле күнү кайтыш болгон. Экинчи адам эртеси көз жумган.

Бул ишке катыштыгы бар делинген Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга, ал эми Чыңгыз Жумагулов 5 жылга эркинен ажыратылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адамдар мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдик реестринде турушат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты