​Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы дайындалды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Муканова Нуруйпа Аалиевнаны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы кызматына дайындады.


Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө:

«Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет»-деп жазылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты