​Кыргызстанда калкты массалык эмдөө башталды

  • 3 года мурун

Коронавирус илдетине каршы Кыргызстан калкын массалык эмдөө иши башталды.

Кечээ, 11-июлда Кытайдан 1 миллион 200 миң доза «Синофар» келген. Ушул айдын аягына чейин дагы ошончо өлчөмдө вакцина алынып келээри айтылды.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова:

«11-июлдан баштап COVID – 2019 илдетине каршы массалык эмдөө башталды. Биринчи кезекте, медициналык, социалдык жана укук коргоо органдарындарынын кызматкерлери, 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар, калктын социалдык жактан аярлуу катмары болгон 1 миллион 312 450 адам эмдөөдөн өтүшөт», — деди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эгерде калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, сентябрь айында мектептер кадимки режимде иштей баштаарын айткан.

Анын айтымында, Кыргызстан калкынын массалык иммунитетин калыптандыруу үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты