​3 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

  • 3 года мурун

Кечээ, 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын «Реформа», «Улуу Журт» жана «Туран» партиялары тааныбай тургандыгын билдиришти.


Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары чыгарылгандан кийин, «Улуу-Журт» жана «Туран» партияларынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына чогулушту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Улуу-Журт» 0,22 пайыз, «Туран» 0,38 пайызга ээ болду.

Ал эми шайлоочулардын 5,37 пайыз добушун алып, 7 пайыздык чектен өтө албай калган «Реформа» партиясы социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жалпыга кайрылуу жасады.

«Ушул жылдын апрель айындагы шайлоодо добуштарды кеңири сатып алып, административдик ресурстарды колдонуу менен шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына себеп болгон айрым партиялар бул жолу дагы негизги мыйзам бузуучулар болушту. Реформа» БШКны жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарын мыйзам бузуулардын бардык фактыларын кылдат жана объективдүү иликтөөгө алып, мыйзам бузган тараптарга карата чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырабыз» деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу, «Реформа» партиясы БШКны мыйзам бузуулар боюнча бардык соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин шайлоонун жыйынтыгын бекитпөөгө чакырды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты