​Июль айынын акырына чейин дагы 1 млн 250 миң доза «Синофарм» келет

  • 3 года мурун

Кытайдан бүгүн, 11-июлда атайын борт менен коронавирус инфекциясына каршы «Синофарм» вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы жеткирилди.


Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынса, 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип:

«Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнге Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет», — деди.

Ошодой эле Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы келээрин кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты