​«Синофарм» вакцинасы «Ала-Тоо» аянтында сайылууда

  • 3 года мурун

Бишкекте бүгүн, 11-июлда саат 17: 00дөн тартып «Ала-Тоо» аянтындагы пункттан «Синофарм» вакцинасы каалоочуларга сайыла баштады.


Бишкек шаардык мэриясы саат 17: 00дөн баштап Курманжан датканын эстелигинин жанында COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн чатырлар иштей баштаганын билдирди.

Вакцина 18 жаштан жогорку бардык жарандарга бекер сайылат. Болгону жанында паспорту болушу шарт.

«Ар бир жаран паспортун ала барып, эмдөөдөн өтсө болот. Урматтуу жарандар! Вакцинация — коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз», — деп айтылат шаардык мэрия тараткан билдирүүдө.

Эске сала кетсек, бүгүн Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 1 миллион 200 миң дозасы алынып келинди. Анын 150 миңин Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бекер берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты