Добуш сатып алууга аракет кылган «Эмгек» партиясынын өкүлү кармалды

  • 3 года мурун

10-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Эмгек» партиясынын өкүлүн добуш сатып алуу үчүн акча таратып жаткан жеринен кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү адам ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн.

«Тергөө учурунда «Эмгек» партиясынан талапкер Р.У.Т аттуу адамдын көрсөтмөсү менен К.Э.А. аттуу жаран МТУ-2 аймагында катталган ар бир шайлоочу үчүн 1000 сомдон акча каражатын бөлүштүрүп жатканда кармалды», — деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Кармоо учурунда шектүүнүн жанынан добуш сатып алууга арналган 10 миң сом өлчөмүндөгү каражат, ошондой эле акчаны алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган.

УКМКнын оперативдүү фотосу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты