​Жалпы шайлоочулардын дээрлик 13%ы добуш берди

  • 3 года мурун

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайроо шайлоо болуп жатат. Буга чейин 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоодо аталган шаарлардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мыйзам бузуулардын көптүгүнө байланыштуу жокко чыгарылган.

Бишкек шаардык кеңешине 18 партия, Ош шаардык кеңешине 8 партия ал эми Токмок шаардык кеңешине 6 партия ат салышууда. Жалпы талапкерлердин саны — 2 204.

Үч шаардык кеңешке добуш берүүчүлөрдүн саны — 617 517. Бишкек шаары боюнча — 426 699, Ош шаарында — 152 718, Токмок шаарында — 38 100.

Түшкү саат 12:00гө чейин 77 026 шайлоочу добуш берди.

Ош шаардык кеңешинде добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгүн көрүүгө болот

Добуш берүү 326 шайлоо учаткасында жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты