​Таалай Сарыбашев кайрадан Оштун мэри болууну үмүт кылат

  • 3 года мурун

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешке таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.


Апрелдеги акыркы шайлоо деле мыйзамдын чегинде өткөнүн айткан Таалайбек Сарыбашов:

«Өткөн жолку шайлоодо дагы эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Эми айрым саясатчылар мыйзам бузуулар жөнүндө алдын ала айтып жатышат. Мен мэр катары административдик ресурс колдонулбайт деп айта алам. Муниципалдык кызматтын бардык кызматкерлерине ушундай тапшырма берилди. Биз шайлоо өнөктүгүндө башынан эле объективдүүлүктү камсыз кылдык», — деди.

Ошондой эле ал кайрадан Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин коюуну көздөп жатканын айтып:

«Ооба, мен дагы бир жолу мэр болом деп үмүттөнөм. Бирок муну жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты