​“Унаа” мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

  • 3 года мурун

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери коррупциялык схема түзүшүп, чет өлкөдөн автоунааларды мыйзамсыз каттап келгендиги аныкталды.

Атап айтканда, Р.Т. аттуу жарандын оң рулдуу “Тойота-Альфард” үлгүсүндөгү автоунаасын каттоого алуу учурунда, С.А. аттуу жаранга таандык “Форд Фокус” үлгүсүндөгү автоунаасында 2014-жылдан бери каттоодо турган D….ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG…ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен.

Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөнү менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогорудагыдай эле мыйзам бузуу менен 16 авто унааны каттоого алышып, мамлекетке 14 млн 340 297 сомдук зыян келтиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты