​COVID-19: Эмдөөнүн электрондук күбөлүгүн алыңыз

  • 3 года мурун

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумунун жана саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин эксперттери мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы portal.tunduk.kg аркылуу COVID-19 илдетине каршы эмдөө жөнүндөгү электрондук күбөлүктү аралыктан алуу кызматын ишке киргизди.


Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

Күбөлүктү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар дагы ала алышат.


Эмдөөнүн е-сертификатын алуу боюнча көрсөтмө:

Мамлекеттик электрондук кызматтар порталына portal.tunduk.kg кирип, электрондук колтамга же eID аркылуу авторизациядан өтүңүз;

порталдан «Саламаттык сактоо» бөлүмүнө өтүп, «COVID-19 каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк берүү» кызматын тандаңыз;

е-күбөлүк алуу үчүн «Арыз тапшыруу» баскычын басыңыз;

е-сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгарууга же PDF форматында документ катары сактоого болот;

е-сертификатта документтин аныктыгын текшерүү үчүн QR код жана жүргүзүлгөн вакцинация жөнүндө маалымат камтылган.

Жакында эмдөөнүн электрондук сертификатын саламаттык сактоо мекемелеринде берүү үчүн «Эмделгендер реестри» маалымат тутумунда модуль иштелип чыгат. Бул модулдун жардамы менен жарандар медициналык мекемелерде басылып чыккан маалымкатты ала алышат — бул мампортал аркылуу күбөлүк алууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдар үчүн.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында portal.tunduk.kg кызматтарды алуу үчүн авторизацияны төмөнкү жолдордун бири менен өтүү керек:

Электрондук кол тамга, ал калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилет;

eID-карталар (2017-жылдагы үлгүдөгү паспорт), паспорттор үчүн окуу жабдыгы жана кирүү үчүн пароль болуусу керек.

Иллюстрациялык сүрөт:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты