Шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоо участкаларында илинди
- 3 года мурун
Шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоочулар бардык шайлоо участкаларына илинди жана шайлоочулардын “Тизме” — tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилди.
Бишкек АШК боюнча – 426 699 (69%) шайлоочу;
Ош АШК боюнча – 152 718 (6%) шайлоочу;
Токмок АШК боюнча – 38 100 (25%) шайлоочу.
Ар бир шайлоочу өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактай алат:
- шайлоочулардын “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
- өз шайлоо участогунан;
- 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүнүн ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат.
.
2021-жылдын 11-июлундагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар катыша алышат.
Муну бөлүшүү