#КүчЧындыкта: Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө журналисттердин ролу

  • 3 года мурун

2020-жылы көз карандысыз журналисттер жана редакциялар пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, чоң кыйынчылыктарга туш болушту.

Журналисттер пандемияга чейин туш келишкен көптөгөн кыйынчылыктар пандемиядан кийин күчөп жүрүп олтурду: өкмөт журналисттердин суроолоруна көңүл бурбай, аларды аккредитациялоодон баш тартышты, ММК жана социалдык тармактарда Covid-19 темасы боюнча жалган маалыматтардын көбөйүшү байкалды, жарнамадан түшкөн киреше азайып, көптөгөн медиалар штатты кыскартууга жана башка чараларга барышты.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, журналисттер өз жумушунун олуттуулугун аңдап-сезишти.

Алар коомдук маанилүү окуяларды чагылдыруусун гана улантышпастан, арийне коронавирустун өлкөдө активдүү жайылышы учурунда өз ресурстарын жалган маалымат менен күрөшүүдө бириктиришти. Фактчек-журналисттердин иштери тууралуу Дилбар Алимова – “ПолитКлиника” онлайн-басылмасынын башкы редактору айтып берет.

Эгерде сиз бул өнөктүктүн максаттарына тилектеш болсоңуз, анда роликти өзүңүздүн жана редакцияңыздын социалдык тармактардагы аккаунттарына #КүчЧындыкта деп белгилеп, колдоо көрсөтүүңүздү сурайбыз. Бул өнөктүктү “Медиа Полиси Институту” Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен жүзөгө ашырып жатат. Бул өнөктүк журналисттердин ишине көңүл бурдуруп, коомчулуктун колдоосу алар үчүн канчалык маанилүү болгонун көрсөтүү максатын көздөйт.

Internews in

Kyrgyzstan USAID Kyrgyz Republic Дилбар Алимова Полит Клиника

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты