​Бейөкмөт уюмдары тууралуу жаңы мыйзам боюнча АКШ билдирүү таратты

  • 3 года мурун

Парламент тарабынан жактырылып, Президент кол койгон өкмөттүк эмес уюмдардын каржылык ачык-айкындуулугун талап кылган мыйзамдын кабыл алынышына АКШ тынчсыздануусун билдирди.


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирди.

Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган иштерине коркунуч жана тоскоолдук келтирет.

Кыргызстандын өлкө жетекчилигин бул мыйзамдын кыргыз демократиясынын негизи болгон жарандык коомго тийгизген терс таасирин кайра карап чыгууга чакырган АКШнын Мамдепартаменти:

«Ушул сыяктуу мыйзамдар башка өлкөлөрдө бийликти жана саясатчыларды сындагандарды бутага алуу үчүн туура эмес максатта колдонулуп келген. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон берки 30 жылдай убакытта түптөлгөн күчтүү плюрализм салты корголуп, бекемделиши керек» — деп билдирүү тараткан.

Эл өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын каржылык отчеттуулугу жөнүндө мыйзам долбоорун 17-июнда үч окууда жактырып, көп өтпөй Президент Садыр Жапаров документке кол койган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты