​«Талибан» кыймылы Борбор Азияга кол салбоого убада берди

  • 3 года мурун

Афганистандагы «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Москвага кеңешүүгө келишти.


Москвадагы кеңешүү учурунда «Талибандын» лидерлери Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбай турганын айтышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Афганистандагы кырдаал жана каршылаш афгандык топтор ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоонун келечеги талкууланды.

«Россия тарап Афганистандын түндүк аймактарында чыңалуунун күчөп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип, өлкөнүн чегинен тышкары жайылышына жол бербөөгө чакырды. «Талибан» кыймылынын башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбай тургандыгын, ошондой эле Афганистандын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугуна кепилдик беришээрин айтышты», — деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты