​Ошто кыргыз унаалары чыга баштады

  • 3 года мурун

Ош шаарында жеңил жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады.


Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Кыргыз унаа курулуш» машина куруу заводу өлкөдө биринчилерден болуп «DongFeng» маркасындагы жеңил жүк ташуучу унааларды чыгара баштады.

Өндүрүштүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, мындай өндүрүштү ишке киргизүү бюджеттин толтурулушуна гана жакшы жардам болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүп жаткандыгын белгиледи.

Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, өндүрүш процесси продукциянын жогорку сапатын камсыз кылган Германиянын акыркы технологиялары боюнча жүргүзүлөөрү айтылды.

«Кыргыз унаа курулуш» машина куруу заводунда учурда Кыргызстан, Түркия жана Россиянын жогорку квалификациялуу адистери баш болгон 300дөн ашуун кызматкер эмгектенет.

Фото Ош шаардык мэриясынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты